# 16-берене. Илимий-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 16-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-16

---

1. Илимий-техникалык маалымат менчик укугунун, ээлик кылуунун, пайдалануунун жана тескөөнүн объектиси болушу мүмкүн. Илимий-техникалык маалыматты түзүүгө катышууга жараша ал мамлекеттин, жеке менчик укугундагы кандай болбосун жеке жана юридикалык жактардын менчиги болушу мүмкүн.

2. Мамлекеттин, ишканалардын, уюмдардын жана илимий-техникалык маалымат чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жарандардын илимий-техникалык маалыматтык ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу товардык мамилелердин объекттери болушу мүмкүн.

3. Илимий-техникалык маалыматтын менчик ээсинин жана керектөөчүнүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу негизги документ болуп алардын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишим саналат.

4. Сатып алууну-сатууну жүзөгө ашырууда илимий-техникалык маалыматты, интеллектуалдык менчикти, автордук укукту, мамлекеттик жана коммерциялык сырды, илимий-техникалык маалыматтын менчик ээлеринин жана маалыматтык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү уюмдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.

5. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жана ишкердик ишти жол-жоболоштуруучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде илимий-маалыматтык ишке катыша алышат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-17)
