# 15-берене. Илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 15-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-15

---

1. Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы өзүнө төмөнкүдөй ресурстарды камтыйт:

1) илимий-техникалык китептердин, журналдардын жана брошюралардын, мезгилдүү жана улантылуучу басылмалардын, патенттик жана ченемдик-техникалык документтердин фонддорунун жыйындысын;

2) илимий изилдөөлөр жана техникалык иштеп чыгуулар жөнүндө отчетторду, диссертацияларды, чет өлкөлүк илимий-техникалык адабияттардын жана документтердин котормолорун жана дубликаттарын;

3) маалыматтар базасы жана банкы, анын ичинде зарыл болгон маалымдама-издөө аппараты жана мамлекеттик органдардын жана илимий-техникалык маалымат жана кызматтарынын, илимий жана эл аралык уюмдардын, китепканалардын, коммерциялык борборлордун, менчигинин түрүнө карабастан иши илимий-техникалык маалымат менен байланышкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын менчигинде, тескөөсүндө, пайдалануусунда болгон маалыматтарды сактоонун, иштетүүнүн жана берүүнүн тиешелүү техникалык каражаттары.

2. Мамлекеттин каражатына түзүлгөн, илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын камтыган илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы коомдук кенч болуп саналат жана менчиктештирилүүгө тийиш эмес.

3. Илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасынын ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынууга жана катталууга тийиш.

4. Илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүнүн, алмашуунун, берүүнүн жана пайдалануунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жол-жоболоштурулат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-16)
