# 14-берене. Илимий-техникалык маалымат системасы

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 14-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-14

---

1. Илимий-техникалык маалымат системасы аркылуу маалыматтык продукцияны жайылтуу жана сапаттуу деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жүзөгө ашырылат, мамлекеттик маалыматтык борборлоруна, илимий китепканаларга маалыматтардын, мамлекеттик маалыматтык борборлоруна, илимий китепканаларга маалыматтардын, адабияттардын, мезгилдүү басылмалардын келип түшүүсү үчүн зарыл болгон колдоо көрсөтүлөт, илимий-техникалык маалыматтын ачыктыгына, жалпыга жеткиликтүүлүгүнө жана сакталышына көмөк көрсөтүлөт.

2. Мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтарды алууга жана таратууга жеткиликтүүлүктү чектөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын маалымат жаатындагы мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-15)
