# 13-берене. Илимий кызматкерлерди социалдык жактан коргоо

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 13-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-13

---

1. Мамлекеттик тапшырыкты аткаруучу мамлекеттик илимий, илимий-техникалык уюмдардын жана кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын илимий кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Илимдин докторлоруна, илимдин кандидаттарына жана PhD докторлоруна окумуштуулук даражасы үчүн эмгек акысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте үстөк белгиленет.

3. Илимдин докторлоруна узактыгы 48 жумушчу күн, илимдин кандидаттарына, PhD докторлоруна 36 жумушчу күнгө созулган акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилет.

4. Мамлекеттик илимий, илимий-техникалык уюмдардын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеңилдиктер берилет.

5. Илимдин, илимий-техникалык жана инновациялык ишти, технологияны өнүктүрүүгө, аларды өндүрүшкө киргизүүгө салым кошкон, илимий, илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо айырмаланган илимий, илимий-техникалык уюмдардын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий жана илимий-техникалык кызматкерлери сыйлоо максатында илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга, көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана башка ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-14)
