11-берене. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий жана илимий-техникалык иши
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары билим берүү иши менен катар илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашырат, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди, анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды ишке ашырууну жүргүзөт.
2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары, ошондой эле алардын илимий жана илимий-техникалык кызматкерлери республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программалар менен долбоорлордун конкурстарына катышууга укуктуу.
3. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иши билим берүү уюмунун төрагадан, окумуштуу катчыдан жана илимдин багыттары боюнча жетектөөчү окумуштуулар болуп саналган мүчөлөрдөн турган илимий-техникалык кеңеши тарабынан башкарылат. Илимий-техникалык кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Илимий-техникалык кеңеш илимий гранттарды бөлүп берүүгө, илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатууга жана кесиптик жогорку билим берүү уюмунун ичинде илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана алардын натыйжаларын өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө киргизүүгө ыйгарым укуктуу.
5. Илимий гранттар илимий жана илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бөлүнөт жана жогорку кесиптик билим берүү уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилген жана билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши менен макулдашылган сметага ылайык кесиптик жогорку билим берүү уюмунун атайын каражаттарынан каржыланат.
Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте илимий лабораторияларды, илимий-изилдөө институттарын, илимий-билим берүү борборлорун, тажрыйбалык өндүрүштөрдү, долбоорлоо-конструктордук уюмдарды, технопарктарды, технополистерди, ошондой эле илимий-билим берүү консорциумдарын, чарбалык коомдорду түзүүгө жана илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга укуктуу.
6. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары илимий-инновациялык өнүгүү үчүн бизнес түзүмдөрү жана ишканалар менен биргелешип иштөө үчүн жайларды жана жер участокторду пайдалана алышат.
7. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдары атайын каражаттардын кеминде бир пайызын билим берүү уюмунун ичинде илимди өнүктүрүүгө бөлүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112661/st-11" title="11-берене - Илим жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>