# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112659)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 171 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112659/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3414/edition/1271873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112659/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112659/st-1

---

Кыргыз Республикасын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 47-берененин 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11) ЭЭЗ аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик жогорку окуу жайларынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;";

2) 105-берененин 8-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "ж-1" пунктчасы менен толукталсын:

"ж-1) билим берүү, илимий жана окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелерди;".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112659/st-2)
