Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 3-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) уюштуруучулук жана функционалдык түзүмдөрдүн модулдуулугу;";
в) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) Куралдуу Күчтөрдүн курамынын, уюштуруучулук-штаттык түзүмүнүн, санынын мамлекеттин демографиялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө, тынчтык мезгилинде аскердик коопсуздукту жана согуш мезгилинде куралдуу коргонууну камсыз кылуу милдеттерине ылайыктуулугу;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 12-15-пункттар менен толукталсын:
"12) илимийлүүлүк;
13) тынчтык жана согуш убагындагы уюштуруучулук түзүмдөрдүн бирдиктүүлүгү;
14) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүдө, алардын курамын жана жабдылышын аныктоодо сапаттык көрсөткүчтөрдүн артыкчылыгы;
15) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн кубатын аскердик коркунучтун күчөшүнө жараша көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, мобилизациялык резервди алдын ала топтоо жана даярдоо.";
2) 6-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Куралдуу Күчтөр аскердик башкаруу органдарынан, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүнүн бирикмелеринен, кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн жана мекемелеринен, Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин, атайын аскерлеринин, атайын түзүмдөрүнүн жана ооруктун түрлөрүнөн турат. Бирикмелер, кошуундар, бөлүктөр жана мекемелер юридикалык жактын укуктарына ээ. Мекемелерге ошондой эле аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болуп саналган аскер комиссариаттары да кирет. Согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөр өз милдеттерин башка аскердик түзүмдөр менен өз ара аракеттенип аткарат.";
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын куралдуу коргоого катышуу;";
- 8-пунктта "кайтаруу" деген сөз "кайтарууга катышуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүктө:
- экинчи абзацта ", алардын катарына кризистик кырдаалдарды чечүү кирет" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-беренеде:
а) 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу конституциялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.";
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "же ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-беренеде түрдүү жөндөмө формаларындагы "Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 10-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан бекитилген пландар боюнча Куралдуу Күчтөр колдонулат. Бекитилүүчү документтердин тизмеси жана аларды иштеп чыгуунун мезгилдүүлүгү Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасына күтүүсүз кол салынган же согуштук аракеттер (согуштук инциденттер, согуштук акциялар түрүндө жана куралданууну, аскердик техниканы колдонуу менен чектелген масштабдагы башка аскердик кагылышуулар) анык башталган учурунда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилиги жана аскердик командачылык согуштун жарыяланышын жана согуштук абалдын киргизилишин күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чараларды көрүүгө, ошондой эле коргонууну камсыз кылуу маселелерине аскердик каттоодо турган жана резервдик түзүмдөрдүн курамына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарын тартууга милдеттүү.";
6) 11-беренеде:
а) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) стратегиялык пландоо документтерин бекитет;";
б) 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 13-беренеде:
а) берененин аталышында жана биринчи абзацында түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй редакциядагы 221-пункт менен толукталсын:
"221) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет мамлекеттердеги аскер атташелерин жана байланыш офицерлерин дайындоо тартибин, багуу шарттарын, функцияларын, укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын статусун, социалдык кепилдиктерин, кол тийбестигин жана артыкчылыктарын берүүнүн тартибин аныктайт;";
8) 14-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги ыйгарым укуктары
1. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) аскердик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) куралданууну, аскердик жана атайын техниканы өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын бирдиктүү аскердик-техникалык саясатын жүргүзөт;
3) коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
4) Куралдуу Күчтөрдү ар тараптан камсыз кылууну уюштурат жана жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн тынчтык жана согуш убагындагы аскердик жана оперативдик запастарга жана мамлекеттик материалдык резервдерге болгон муктаждыгын аныктайт;
5) аскер мыйзамдарын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
6) аскер комиссариаттарынын иштерин, аскердик каттоону уюштурууну, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматка, аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууну, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө аскердик-каттоо адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүүнү жана топтоону камсыз кылат;
7) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет мамлекеттердеги аскер атташелеринин жана байланыш офицерлеринин кызматын уюштуруунун эрежелерин жана кызмат өтөөнүн шарттарын бекитет;
8) аскер кызматын өтөөнү, аскер кадрларын даярдоону жана аскердик илимди өнүктүрүүнү уюштурат;
9) эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты уюштурат;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук коргоону камсыз кылат;
11) Куралдуу Күчтөрдө коррупцияга каршы иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
12) экономиканын мобилизациялык даярдыгын уюштурууга катышат, Кыргыз Республикасынын аймагын оперативдик жабдуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
13) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
14) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарда мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечет.
2. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси:
1) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн пландарын (программаларын) иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде алардын жүзөгө ашырылышын контролдойт;
2) бюджетти жана мамлекеттик коргонуу заказдарын түзүүдө коргоого жумшалуучу чыгымдар боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
3) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын чечими боюнча пландуу тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасына капыстан куралдуу кол салынган (аскердик агрессия) учурда - өз алдынча, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы аркылуу (Кыргыз Республикасынын Президентине дароо билдирүү менен) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын түрдүү даражаларына келтирет жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
5) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын түрдүү даражаларына келтирүүнү жана аскердик коопсуздукту камсыз кылууну стратегиялык пландоо пландарын колдонууга киргизүүнү белгиленген тартипте жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн айрым кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин колдонууга буйруктарды берет;
6) Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн, чакыруу боюнча аскердик кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотуу жөнүндө, ошондой эле жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу тууралуу буйруктарды чыгарат;
8) коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат;
9) Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө үчүн аскер кадрларын даярдоонун принциптерин жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, аларды даярдоону камсыз кылат;
10) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы ишин жетектейт;
11) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларына өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аскердик наамдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ыйгарат;
12) аскердик башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коргонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштурат жана жүзөгө ашырат;
13) Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү планын иштеп чыгат;
14) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын аскердик убакыттын (өзгөчө мезгилдин) шарттарында иштөөгө которуу пландарын иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
15) коргонуу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат; коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызыкчылыгында куралдануунун, аскердик жана атайын техниканын үлгүлөрүн чыгаруу жана өркүндөтүү боюнча министрликтер, административдик ведомстволор жана мекемелер тарабынан аткарылуучу илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин программаларын бекитет;
16) жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыгы үчүн берүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
17) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана жарандарынын коргонуу муктаждыгы үчүн мүлктөрүн пайдалангандыгына байланыштуу алар тарткан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
18) коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышын контролдойт;
19) Куралдуу Күчтөрдүн мобилизациялык муктаждыктарына ылайык аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканаларды, жогорку (орто) кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүүчү уюмдарын түзүү, багытын өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча, ошондой эле жарандарды аскердик кызматка даярдоо маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
20) берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенмелерди аткарууну уюштурат;
21) аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
22) куралдарды жана аскер техникаларын, коргонуу объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүүнүн, ижарага берүүнүн, сатуунун, жоюунун жана эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
23) ички аудит боюнча ишти уюштурат;
24) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде куралдарды жана аскер техникаларын, стратегиялык материалдарды, коргонуу чөйрөсүндөгү алдыңкы технологияларды жана кош арналыштагы продукцияларды экспорттоону жана импорттоону контролдоону уюштурат;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;
26) аскердик наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
27) Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзүмдөр үчүн аскердик кийим формасынын бирдиктүү стандарттарын белгилөө жана аны кийип жүрүүнүн эрежелери, башка мамлекеттик органдар үчүн айырмалоо белгилери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
28) башкаруу органдарынын жана баш ийген аскерлердин (күчтөрдүн) кызматтык ишинин бардык маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди чыгарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат, аны жарандык адам ээлеши мүмкүн.";
10) 151-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 18-берененин 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 21-берененин үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 26-берененин экинчи бөлүгүндө "жана (же) жоруктар" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112657/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>