# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 "Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112657/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3412/edition/1276526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112657/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 7-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112657/st-7

---

"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 342-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-беренеде:

а) 1-бөлүктө "жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында" деген сөздөр алып салынсын;

б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 5-берененин үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыштын курамынын белгилерин камтыган аракети (аракетсиздиги) менен, сот тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылган учурда, ошондой эле ал тергөө органы жана сот тарабынан реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган учурда;

- мүлктү уурдоонун, атайылап жок кылуунун, бузуунун, мыйзамсыз чыгымдоонун же пайдалануунун натыйжасында же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш курамынын белгилери бар экендигине карабастан атайылап жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) натыйжасында зыян келтирилгенде;";

3) 8-беренеде:

а) мамлекеттик тилдеги 5-бөлүктүн текстинде "кылмыш-жазык" деген сөздөр "кылмыш-жаза" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 9-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 9-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аткаруу өндүрүшүнүн эрежелери боюнча" деген сөздөр "соттук тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-берене. Аскер кызматчылары тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу

Аскер кызматчылар тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду мамлекеттин каражаттарынын эсебинен толтурулса, алар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жана өлчөмдө келтирилген зыяндын ордун мамлекетке толтуруп берет.".

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112657/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112657/st-8)
