6-берене
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 42-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьяда:
а) 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына, ошондой эле аскер кызматчыларына теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамдарга камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү жоокер жана сержант курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн белгиленген ээлеген кызмат орду боюнча айлык акысынын өлчөмүнө жана аскердик наамы боюнча айлык акысына жараша белгиленет.";
б) 2-пункттун тогузунчу абзацында "кыска мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчысынын, аскер жыйынына чакырылган адамдын" деген сөздөр "аскер кызматчысына жана ага теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-статьянын 4-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "тартип уставында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык аракет кылып жаткан тендердик комиссиянын" деген сөздөр "мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткан конкурстук комиссиянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статьянын 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 12-статьяда "мыйзамдарында" деген сөз "жарандык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112657/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>