# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 "Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112657/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3412/edition/1276526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112657/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112657/st-5

---

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды классификациялоо

1. Аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын, бажы кызматтарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин аскердик жана атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:

- кенже аскердик жана атайын наамдар - катардагы жоокерден (курсанттан) тартып улук прапорщикти кошо алганда;

- орто аскердик жана атайын наамдар - кенже лейтенанттан тартып капитанды кошо алганда;

- улук аскердик жана атайын наамдар - майордон тартып полковникти кошо алганда;

- жогорку аскердик жана атайын наамдар - генерал-майордон тартып жана андан жогору.

2. Салык кызматтарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:

- орто атайын наамдар - салык кызматынын кенже инспекторунан тартып салык кызматынын 1-рангдагы инспекторун кошо алганда;

- улук атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен тартып салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.

3. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо камтыйт.

4. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:

- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.

5. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:

- орто класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунан тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;

- улук класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.

6. Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:

- орто класстык чендер - муниципалдык кызматтын кенже инспекторунан тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;

- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.

7. Атайын класстык чендер төмөнкүдөй бөлүнөт:

- орто атайын класстык чендер - кенже юристтен тартып 1-класстагы юристти кошо алганда;

- улук атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы кеңешчисинен тартып юстициянын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.

8. Аскердик наамдардын, класстык чендердин, атайын класстык чендердин жана - атайын наамдардын өз ара катышы тиркемеге ылайык аныкталат.";

3) 4 жана 5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Аскердик наам

Аскердик наам - бул ар бир аскер кызматчысына жана аскерге милдеттүүгө анын кызматтык абалына, иш тажрыйбасына, аскердик жана жалпы билимине, кызматынын мөөнөтүнө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрүнө, аскерлеринин же кызматынын тегине таандыгына жана жеке сиңирген эмгегине ылайык ар кимге өзүнчө ыйгарыла турган наам.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112657/st-4)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112657/st-5)
