# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3411/edition/1278756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112656/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-6

---

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контроль - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдарга жана транспорт каражаттарына, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата чек аралык, бажылык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык контроль, баңги каражаттарын жүгүртүүгө контроль жана контролдун башка түрлөрү;";

2) 11-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү үчүн негиз болуп адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же алардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна жарактуу документтеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата документтеринин бар болушу саналат.";

3) 12-берененин 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 25-беренеде:

а) 3-бөлүктө "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген технологиялык схемалар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 5-бөлүктүн биринчи абзацы "которуу үчүн кыймылын" деген сөздөрдөн кийин "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-7)
