# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3411/edition/1278756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112656/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-5

---

"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 2-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль жүргүзүү тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүдө электрондук формадагы маалыматтык өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-6)
