# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3411/edition/1278756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112656/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 38-беренеде:

а) 4-бөлүктө "жана транспорт чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр ", транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 5-бөлүк "токтотуучу жерге жеткирет" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7 жана 9-пункттарында каралган учурларда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы) аркылуу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө андан ары тыюу салуу боюнча чараларды көрөт" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 185-берененин аталышында жана биринчи абзацында "жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр ", транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 357-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "357-берене. Бажы чек арасынан өткөндүгү тууралуу кабарлабоо жана (же) маалымдамаларды (маалыматтарды) бербөө";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Кыргыз Республикасынын бажы органына берилиши милдеттүү түрдө каралган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтарды алдын ала бербөө же өз убагында бербөө, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес маалыматтарды алдын ала берүү - жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

4) 473-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"473-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 181, 185, 195-беренелеринде, 200-берененин 5-бөлүгүндө, 262, 357-380-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын салат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 181, 185, 195-беренелеринде, 200-берененин 5-бөлүгүндө, 262-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштер жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында контролду жүзөгө ашырууда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана жаза чаралары салынат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112656/st-2)
