# 213-2-берене. Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана көлдүн жээк зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга мыйзамда белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112654)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112654/st-213-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3409/edition/1273608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 213-2-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112654/st-213-2

---

1. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салууларды бузуу -

жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн акысыз берүүгө тыюу салууну бузуу -

жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга - 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 80 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112654/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112654/st-2)
