213-2-берене. Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана көлдүн жээк зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга мыйзамда белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуу
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · 23-глава
1. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салууларды бузуу -
жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн акысыз берүүгө тыюу салууну бузуу -
жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга - 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 80 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
213-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112654/st-213-2" title="213-2-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>