# 8-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 8-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-8

---

Министрлер Кабинети:

1) бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;

2) Кыргыз Республикасында бирдиктүү мамлекеттик тышкы соода саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, тиешелүү чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкаларын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экспортко жана импортко сандык чектөөлөрдү киргизет;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда мамлекеттин коопсуздугуна, жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө, курчап турган чөйрөгө, өсүмдүктөргө, жаныбарлардын өмүрүнө же ден соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна уруксат берүү тартибин белгилейт, ошондой эле мындай тартип колдонула турган товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмегин аныктайт;

7) өзүнүн компетенциясынын чегинде тышкы соода иши чөйрөсүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

8) ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын жана функцияларын аныктайт;

9) Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларында ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-9)
