# 4-берене. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 4-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-4

---

Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын курамдык бөлүгү катары тышкы соода саясатынын биримдиги;

2) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу методдорун колдонуунун жана анын жүзөгө ашырылышын контролдоонун биримдиги;

3) тышкы соода ишинин катышуучуларынын теңдиги жана басмырланбашы;

4) тышкы соода ишине катышуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тарабынан коргоо;

5) тышкы соода ишине мамлекеттин жана анын органдарынын негизсиз кийлигишүүсүн, ошондой эле анын катышуучуларына жана бүтүндөй алганда Кыргыз Республикасынын экономикасына зыян келтирүүнү жокко чыгаруу;

6) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын иштеп чыгуудагы, кабыл алуудагы жана колдонуудагы айкындуулук;

7) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуунун негиздүүлүгү, объективдүүлүгү жана ачыктыгы.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-5)
