4-берене. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 1-глава
Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын курамдык бөлүгү катары тышкы соода саясатынын биримдиги;
2) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу методдорун колдонуунун жана анын жүзөгө ашырылышын контролдоонун биримдиги;
3) тышкы соода ишинин катышуучуларынын теңдиги жана басмырланбашы;
4) тышкы соода ишине катышуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тарабынан коргоо;
5) тышкы соода ишине мамлекеттин жана анын органдарынын негизсиз кийлигишүүсүн, ошондой эле анын катышуучуларына жана бүтүндөй алганда Кыргыз Республикасынын экономикасына зыян келтирүүнү жокко чыгаруу;
6) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын иштеп чыгуудагы, кабыл алуудагы жана колдонуудагы айкындуулук;
7) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуунун негиздүүлүгү, объективдүүлүгү жана ачыктыгы.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-4" title="4-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>