# 29-берене. Чет мамлекеттердин жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрү

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 29-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-29

---

1. Чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн өкүлчүлүктөрүн жана (же) филиалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоо менен ушул чет өлкөлүк юридикалык жактардын гана атынан тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн ачууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин соода-экономикалык маселелер боюнча соода өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасы тиешелүү чет мамлекеттер менен түзө турган эл аралык келишимдердин негизинде уюштурулат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-30)
