# 28-берене. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү бирикмелер

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 28-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-28

---

1. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары - тышкы соода ишинин катышуучулары ыктыярдуу негизде тармактык, аймактык жана башка принциптер боюнча ассоциацияларга жана башка бирликтерге бириге алат.

2. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын - тышкы соода ишинин катышуучуларынын бирикмелери бирикмелердин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, алардын жалпы кызыкчылыктарын билдирүү, экспорттун жана импорттун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тартипке келтирүү, ак ниетсиз атаандаштыкты болтурбоо, чет өлкөлүк жактар жана алардын бирикмелери менен тышкы соода байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн түзүлөт.

3. Ички рынокту монополиялаштыруу жана бөлүү, аларга кирбеген тышкы соода ишинин катышуучуларына атаандаштык шарттарын чектөө үчүн бирикмелерди пайдаланууга, бирикмелерге катышуусуна жараша ата мекендик жана чет өлкөлүк жактарды ар кандай түрдө басмырлоого, ошондой эле мындай бирикмелерди тышкы рынокто ишкердик тажрыйбаны чектөө үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

4. Көрсөтүлгөн бирикмелерди түзүү жана алардын иши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-29)
