# 27-берене. Тышкы соода статистикасы

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 27-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-27

---

1. Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте статистикалык отчеттуулук, бирдиктүү методология боюнча эл аралык деңгээлде салыштырылуучу төмөнкүдөй статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу тутумун түзүүнү камсыз кылат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикалык отчеттуулугунун жана бажы статистикасынын, анын ичинде соода баланстарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы боюнча;

2) Кыргыз Республикасынын төлөм балансы, анын ичинде товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды, баалуу кагаздарды, алынган жана тейлөөдө турган кредиттерди ташып келүү, ташып чыгуу статистикасы боюнча.

2. Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн статистикалык маалыматты ай сайын, квартал сайын жана жыл сайын расмий жарыялоону камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-28)
