# 26-берене. Тышкы соода ишинин катышуучуларынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен алардын компетенциясына ылайык тышкы соода иши чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумун пайдалануу менен электрондук формада өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 26-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-26

---

1. Тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумунда камтылган документтер жана маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана башка уюмдары тарабынын алардын компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.

2. Тышкы соода ишинин катышуучуларынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумуна жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу бул тутумдун оператору тарабынан ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана башка уюмдарынын компетенциясына ылайык алардын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумунда камтылган документтерге жана маалыматтарга жеткиликтүүлүгү акысыз негизде жүзөгө ашырылат.

4. Тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумунун оператору тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумунда камтылган документтерди жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык аларды сактоонун бүткүл мөөнөтүнүн аралыгында пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү жана электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык мындай документтерди жана маалыматтарды алууга ыйгарым укуктуу жактарга документтерди жана маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-27)
