# 25-берене. Тышкы соода ишиндеги камсыздандыруу

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 25-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-25

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы соода ишинде камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекет экспортко түрткү берүү максатында экспорттук кредиттерди камсыздандыруу тутумуна катыша алат.

3. Тышкы соода ишиндеги коммерциялык тобокелдиктерден камсыздандыруу кыргыз же чет өлкөлүк камсыздандыруучулар (юридикалык жактар) тарабынан камсыздандыруу келишимдери боюнча ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-26)
