# 24-берене. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү иш-чаралар

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 24-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-24

---

Министрлер Кабинети өз компетенциясынын чегинде жана өзүнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган Экспортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну;

2) тышкы соода ишинин катышуучуларына кредит берүүнү камсыз кылууну;

3) соода көргөзмөлөрүн жана ярмаркаларын, бизнес-форумдарды, соода миссияларын уюштурууну жана аларга катышууну;

4) экспортту өнүктүрүү боюнча маалыматтык кампанияларды, консультацияларды жана семинарларды өткөрүүнү.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-25)
