# 23-берене. Тышкы соода ишин маалыматтык камсыздоо

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 23-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-23

---

1. Тышкы соода ишин өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле тышкы соода ишинин катышуучуларына маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасында маалыматтык соода порталы иштейт, аны ыйгарым укуктуу орган башкарат.

2. Маалыматтык соода порталы төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:

1) экспортту өнүктүрүү программасы жөнүндө;

2) тышкы соода ишин жүзөгө ашыруучу экспортко багытталган ата мекендик компаниялар жөнүндө;

3) тышкы соода иши чөйрөсүндөгү мыйзамдар жөнүндө;

4) тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалуу маалыматты.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-24)
