# 22-берене. Экспортту өнүктүрүү программасы

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 22-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-22

---

1. Улуттук экономиканын өсүшүнө түрткү берүү максатында Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Экспортту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу аркылуу тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

2. Экспортту өнүктүрүү программасы белгилүү бир календардык мөөнөткө кабыл алынат. Колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин Экспортту өнүктүрүү программасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан Министрлер Кабинетинин жыйналышынын кароосуна киргизилет (аны аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет).

3. Көрсөтүлгөн Программада төмөнкүлөр камтылат:

1) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелеринин учурдагы абалына жана көйгөйлөрүнө баа берүү;

2) экспортко түрткү берүү жана өнүктүрүү үчүн чаралардын тизмеги.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чектеринде ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча өз аймактарында экспортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-23)
