22-берене. Экспортту өнүктүрүү программасы
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 4-глава
1. Улуттук экономиканын өсүшүнө түрткү берүү максатында Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Экспортту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу аркылуу тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Экспортту өнүктүрүү программасы белгилүү бир календардык мөөнөткө кабыл алынат. Колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин Экспортту өнүктүрүү программасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан Министрлер Кабинетинин жыйналышынын кароосуна киргизилет (аны аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет).
3. Көрсөтүлгөн Программада төмөнкүлөр камтылат:
1) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелеринин учурдагы абалына жана көйгөйлөрүнө баа берүү;
2) экспортко түрткү берүү жана өнүктүрүү үчүн чаралардын тизмеги.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чектеринде ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча өз аймактарында экспортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-22" title="22-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>