# 19-берене. Автоматтык лицензиялоо (байкоо)

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 19-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-19

---

1. Автоматтык лицензиялоо (байкоо) товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун динамикасына мониторинг жүргүзүү максатында товарлардын экспортунун жана (же) импортунун сандык көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө жана аларды башка ыкмалар менен өзгөртүү мүмкүн болбогон учурда колдонулат жана уруксаттарды берүү аркылуу ишке ашырылат.

Автоматтык лицензиялоо (байкоо) киргизилген товарлардын экспорту жана (же) импорту ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксаттар болгондо жүзөгө ашырылат. Автоматтык лицензиялоо убактылуу чара катары белгиленет жана товарлардын экспортун жана (же) импортун сандык чектөө же уруксат берүү тартибин киргизүү максатын көздөбөйт.

2. Автоматтык лицензиялоо киргизилген товарлардын тизмеги, автоматтык лицензиялоо мөөнөттөрү, ошондой эле товарлардын экспортуна жана (же) импортуна автоматтык лицензия берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет.

3. Автоматтык лицензия тышкы соода ишинин катышуучусунун автоматтык лицензия берүү жөнүндө арызынын негизинде алынышы мүмкүн. Мындай арыздын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Автоматтык лицензия берүү жөнүндө арыз товарларды бажылык тариздөөгө чейин ар кандай жумуш күнү берилиши мүмкүн. Автоматтык лицензия товарлардын экспортун жана (же) импортун чектебөө үчүн мүмкүн болушунча токтоосуз берилет. Автоматтык лицензияны берүү мөөнөтү аны берүү жөнүндө арызды алган күндөн тартып 3 жумуш күндөн ашууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-20)
