# 18-берене. Товарлардын айрым түрлөрүнүн тышкы соодасын лицензиялоо

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 18-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-18

---

1. Товарлардын айрым түрлөрүнүн тышкы соодасы ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык лицензиялардын негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын тизмеги жана бул товарларды ташып келүү жана (же) ташып чыгуу тартиби жөнүндө жобо Евразия экономикалык бирлигинин актылары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

3. Лицензиялоо товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунда жана (же) импортунда колдонулат, эгерде бул товарларга карата төмөнкүлөр киргизилсе:

1) сандык чектөөлөр;

2) өзгөчө укук;

3) уруксат берүү тартиби;

4) тарифтик квота;

5) атайын коргоо чарасы катары импорттук квота.

4. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын тизмегине киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоо боюнча эксперт жана лицензиар уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-19)
