# 16-берене. Экспортко жана импортко тыюу салуулар жана сандык чектөөлөр

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 16-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-16

---

Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, өзгөчө учурларда товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна төмөнкүдөй максаттарда тыюу салуулар жана чектөөлөр киргизилиши мүмкүн:

1) коомдук моралды жана укук тартибин сактоо;

2) адамдын өмүрүн жана ден соолугун, курчап турган чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо;

3) алтындын же күмүштүн экспортун жана (же) импортун жөнгө салуу;

4) маданий баалуулуктарды жана маданий мурастарды коргоо;

5) орду толгус жаратылыш ресурстарын ички өндүрүүнү жана керектөөнү бир эле учурда чектөө менен алардын жок болушун четтетүү;

6) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;

8) товарлардын жалпы же жергиликтүү тартыштыгында аларды сатып алуу же бөлүштүрүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-17)
