# 15-берене. Тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 15-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-15

---

1. Тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) тыюу салуу;

2) сандык чектөөлөр;

3) уруксат берүү тартиби;

4) автоматтык лицензиялоо (байкоо).

2. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилиши мүмкүн.

3. Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде купуя маалымат камтылган маалыматтарды берет.

4. Маалымат Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте берилет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-16)
