# 14-берене. Тарифтик квоталар

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 14-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-14

---

1. Ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө төмөнкүлөр белгилениши мүмкүн:

1) товарлардын айрым түрлөрүн ташып келүүгө же ташып чыгууга тарифтик квоталар;

2) ташып келүүгө же ташып чыгууга карата тарифтик квоталар колдонулган товарларга бажы алымдарынын ички квоталык ставкалары жана квотадан тышкаркы ставкалары;

3) бөлүштүрүү методу, тартиби, көлөмү жана аларды колдонуу мөөнөтү.

2. Ыйгарым укуктуу орган жана башка мамлекеттик органдар тарифтик квоталарды өз компетенциясынын чегинде тарифтик квотаны бөлүштүрүү тартибине ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрөт.

3. Тарифтик квоталардын алкагында товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же ташып чыгуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген экспортко жана (же) импортко лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Экспортко жана (же) импортко лицензия берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бекитилет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-15)
