# 13-берене. Тарифтик преференциялар

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 13-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-13

---

1. Тарифтик преференциялар тутумун колдонгон өнүгүп келе жаткан мамлекеттерден жана алда канча аз өнүккөн мамлекеттерден келип чыккан товарлардын соодасына түрткү берүү максатында өнүгүп келе жаткан мамлекеттерден жана алда канча аз өнүккөн мамлекеттерден чыгарылган жана ташып келинген товарларга карата бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн же нөлдүк ставкалары колдонулат. Товарлардын жана өлкөлөрдүн тизмектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

2. Тарифтик преференциялар тутумун колдонгон өнүгүп келе жаткан жана алда канча аз өнүккөн өлкөлөрдөн чыккан товарларга карата колдонулуучу ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-14)
