# 11-берене. Тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 11-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-11

---

1. Бажы-тарифтик жөнгө салуу импорт жана экспорт боюнча операцияларды жөнгө салуу максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасындагы прогрессивдүү түзүмдүк өзгөрүүлөргө түрткү берүү үчүн ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларына төмөнкүлөрдү колдонуу кирет:

1) бажы алымдарын;

2) тарифтик жеңилдиктерди;

3) тарифтик преференцияларды;

4) тарифтик квоталарды.

3. Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн зарыл болгон, анын ичинде купуя маалымат камтылган маалыматтарды берет.

4. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте берилет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-12)
