Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Бажы-тарифтик жөнгө салуу импорт жана экспорт боюнча операцияларды жөнгө салуу максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасындагы прогрессивдүү түзүмдүк өзгөрүүлөргө түрткү берүү үчүн ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларына төмөнкүлөрдү колдонуу кирет:
1) бажы алымдарын;
2) тарифтик жеңилдиктерди;
3) тарифтик преференцияларды;
4) тарифтик квоталарды.
3. Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн зарыл болгон, анын ичинде купуя маалымат камтылган маалыматтарды берет.
4. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте берилет.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-11" title="11-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>