# 10-берене. Купуялык

- Документ: [Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 169 "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3408/edition/1272956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112653/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 10-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-10

---

1. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларды коргоону жана коммерциялык сырды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу башка маалыматты түзгөн маалыматтын купуялыгын камсыз кылууга жана аны мындай маалымат берилген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.

2. Мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка маалыматтарды камтыган маалыматты пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген маалыматтык коопсуздук жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112653/st-11)
