# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августу № 166 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы .

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августу № 166 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы .
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112652>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3407/edition/1272958/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112652.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августу № 166 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы . (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112652

---

КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы N 256 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 8-августу № 166 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112652/st-1)

"Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 7-8, 763-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-беренеде:

а) 5-пункт "тараптардын ортосунда жетишилген" деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында (сотко чейинки өндүрүш, соттук териштирүү мезгилинде жана жаза аткаруу мезгилинде)" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 8-пунктта "жорук жөнүндө иштин, жазык ишинин" деген сөздөр алып салынсын;

2) 9-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда ", жоруктар жөнүндө иш" деген сөздөр алып салынсын;

3) 16-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Сот өндүрүшүндө турган талаш-тартыш, кылмыш иши боюнча, ошондой эле жаза өтөө мезгилинде түзүлүүчү медиациялык макулдашуу мамлекеттик же расмий тилде түзүлүүгө тийиш.";

4) 17-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Соттун же бейтарап соттун өндүрүшүндө турган талаш, кылмыш иши боюнча медиация, анын ичинде жаза өтөө мезгилиндеги медиация отуз календардык күнгө чейинки мөөнөттө аякталууга тийиш.";

5) 18-берененин 2-бөлүгү "аткаруу өндүрүшүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жазаны өтөө" деген сөздөр менен толукталсын;

6) 20-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Судья, арбитр, тергөөчү өз өндүрүшүндө турган талаштын же кылмыш ишинин тараптарын маалыматтык жолугушууга жиберүүгө укуктуу. Жаза аткаруу тутумунун, пробация органынын кызматкерлери соттолгонду жаза өтөө мезгилинде маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө укуктуу.";

б) 2-бөлүктө "жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын" деген сөздөр алып салынсын;

7) 24-берененин биринчи абзацында "жорук жөнүндө иш," деген сөздөр алып салынсын;

8) 26-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кылмыш-жаза-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.";

б) 2-бөлүктө "жорукту же кылмышты жасоого шектелген адам" деген сөздөр "кылмышты жасоого шектелген адам же жазасын өтөп жаткан адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 5-бөлүктө "алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья," деген сөздөр "тергөөчү, прокурор, судья, жаза аткаруу тутумунун, пробация кызматкери," деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112652/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 21-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
