1-берене
Күчүндө · 08.04.2023 редакциясы
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 507-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Министрлер Кабинети өзгөчө кырдаалды жоюуда жана баштапкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жана башка чукул жардамдарды көрсөтүү мезгили аяктагандан кийин алты айдын ичинде Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын дарегине келип түшкөн эл аралык жана башка чукул жардамдарды пайдалануу тууралуу отчетту Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.";
2) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу
1. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү координациялоону жакшыртуу жана көмөк көрсөтүү, ошондой эле келүүчү эл аралык персоналды, товарларды, камсыз кылуу жана жабдуу предметтерин чек ара аркылуу өткөрүү процессин тездетүү максатында Министрлер Кабинетинин чечими менен "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобу (БТПЭЧЖКК) уюштурулат.
2. БТПЭЧЖКК тобунун курамы, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
3) 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келген эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамдарды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
4) 34-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Көмөктөшүүчү субъекттер мониторинг жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөчө кырдаалды жоюуда жана алгачкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнө чейин берүүгө милдеттүү.".
Берененин тексти 08.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Эл аралык чукул жардам жөнүндөЗакон · 17.06.2017 · № 104
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112651/st-1" title="1-берене - Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>