# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө", "2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө", "2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112650>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3405/edition/1270773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө", "2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112650

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 4-августу № 162 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө", "2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112650/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 11, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) биринчи абзацта "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз жети өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

2) 2-статьяда:

а) "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз жети өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

3) мамлекеттик тилдеги 4-статьянын экинчи бөлүгүндө "пособиелер" деген сөз "жөлөкпулдар" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112650/st-2)

"2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2865-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзамдын аталышында "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр алып салынсын;

2) 1-беренеде "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр алып салынсын;

3) 2-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтарында ", ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы" деген сөздөр алып салынсын;

4) мамлекеттик тилдеги 3-берененин үчүнчү абзацында "жеткенче" деген сөз "жеткенде" деген сөзгө алмаштырылсын;

5) 4-беренеде "жана өлчөмдөрү" деген сөздөр алып салынсын;

6) 5-берененин үчүнчү абзацында "жана 2021-жылдын апрель" деген сөздөр алып салынсын;

7) 6-беренеде "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр алып салынсын;

8) 8-беренеде:

а) 1-бөлүктө ", ошондой эле2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы" деген сөздөр алып салынсын;

б) 2-бөлүктө:

- биринчи абзацта "эсептик көрсөткүчтүн отуз жети өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112650/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
