# 8-берене. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополияны жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуучу чаралардын системасы

- Документ: [Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 168 "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3400/edition/1272175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112645/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 8-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-8

---

1. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй атайын чаралардын системасы аркылуу ишке ашырылат:

1) этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү;

2) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти лицензиялоо;

3) Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган үчүнчү өлкөлөр менен соодада ачык-айкындуулук жана басмырлабоо принциптеринин негизинде киргизилүүчү жана колдонулуучу тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулушу мүмкүн;

4) алкоголдук продукцияны ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн ички рынокту коргоо чаралары киргизилиши мүмкүн. Атайын коргоочу, демпингге каршы же компенсациялык чараларды колдонуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана/же сатылуучу аракка минималдуу дүң-сатуу жана чекене бааларды жөнгө салуу;

6) спирттин жана алкоголдук продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы техникалык регламенттерди аткаруу.

2. Жогоруда саналган бардык чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-9)
