Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополияны жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуучу чаралардын системасы
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 1-глава
1. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй атайын чаралардын системасы аркылуу ишке ашырылат:
1) этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү;
2) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти лицензиялоо;
3) Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган үчүнчү өлкөлөр менен соодада ачык-айкындуулук жана басмырлабоо принциптеринин негизинде киргизилүүчү жана колдонулуучу тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулушу мүмкүн;
4) алкоголдук продукцияны ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн ички рынокту коргоо чаралары киргизилиши мүмкүн. Атайын коргоочу, демпингге каршы же компенсациялык чараларды колдонуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана/же сатылуучу аракка минималдуу дүң-сатуу жана чекене бааларды жөнгө салуу;
6) спирттин жана алкоголдук продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы техникалык регламенттерди аткаруу.
2. Жогоруда саналган бардык чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирет.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112645/st-8" title="8-берене - Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>