# 7-берене. Этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана/же жүгүртүүгө карата талаптар

- Документ: [Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 168 "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3400/edition/1272175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112645/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 7-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-7

---

1. Чекене сатууну кошпогондо даяр продукциянын 9 пайыздан ашык көлөмүндө этил спирти камтылган коньяк спиртин жана алкоголдук продукцияны (аракты кошпогондо) өндүрүүгө жана/же жүгүртүүгө менчигинин түрүнө карабастан бир миллион сомдон кем эмес өлчөмдө төлөнгөн уставдык капиталы (уставдык фонду) бар юридикалык жактар жүзөгө ашырууга укуктуу.

Аракты өндүрүү менчигинин түрүнө карабастан, беш миллион сомдон кем эмес өлчөмдө төлөнгөн уставдык капиталы (уставдык фонду) бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Чекене сатууну кошпогондо, этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик ишканалар тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалар алкоголдук продукцияны өндүрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашыра алат.

2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн пайдаланылуучу негизги технологиялык жабдуулар техникалык регламенттердин жана "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын экологиялык коопсуз технологияларды киргизүү бөлүгүндөгү талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

3. Спирт өндүрүшүнүн негизги калдыктарын (барду, көмүр кычкыл газы) толугу менен кайра иштетүүгө жана утилдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү жабдууларды киргизген шартта гана этил спиртин өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну эксплуатациялоого жол берилет.

4. Тиешелүү лицензиянын колдонулушу токтотулган учурда этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияны өндүрүүчү лицензиянын колдонулушу токтотулган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде этил спиртин (коньяк спиртин) өндүрүү үчүн ректификациялык колоннаны (түзүлүштү) жана/же алкоголдук продукцияны керектөө идишине жана/же затордук чанга (сыраны өндүрүүдө) куюу жана этикеткалоо үчүн автоматтарды (моноблокторду) демонтаждоого жана аларды лицензияда көрсөтүлгөн дарек боюнча продукция өндүрүүчүнүн кампасында сактоого милдеттүү.

5. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуу жана техникалык регламенттери жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-8)
