# 4-берене. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополиянын жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери

- Документ: [Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 168 "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3400/edition/1272175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112645/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 4-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-4

---

Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополиянын жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын экономикалык кызыкчылыктарын, өмүрүн жана ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо;

- этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияларды өндүрүү үчүн пайдаланууга тыюу салуу;

- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны мыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жокко чыгаруучу шарттарды түзүү;

- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана ташылып келүүчү этил спиртинин, алкоголдук жана спирт камтылган продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу;

- алкоголдук жана спирт камтылган продукциянын рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-5)
