# 16-берене. Алкоголдук продукцияны сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу адамдардын сатып алуучулардан өздүгүн ырастоочу документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу милдети

- Документ: [Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 168 "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3400/edition/1272175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112645/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 16-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-16

---

1. Жашы болжол менен 18 жаштан төмөн болгон адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сатып алуучунун жаш курагын аныктоо максатында өздүгүн ырастоочу документтерди - жарандын паспортун (ID-карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга. Паспортту алмаштыруучу документтерге анык аскердик кызмат өтөгөн офицердин күбөлүгү, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук күбөлүгү же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы өздүгүн ырастоочу документтер кирет;

2) өздүгүн ырастоочу документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияны сатуудан баш тартууга;

3) 18 жашка толо элек адамдарга, өздүгүн ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө. алкоголдук продукцияларды колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды алкоголдук продукция сатылган жерлерге жайгаштырууга.

2. Ушул берененин жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-17)
