# 15-берене. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны экспорттоону жана импорттоону жөнгө салуу

- Документ: [Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 168 "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3400/edition/1272175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112645/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 15-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-15

---

1. Этил спиртин импорттоого төмөндөгү учурларда гана жол берилет:

1) Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүү токтотулганда же убактылуу токтотулуп турганда;

2) Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн спирттин көлөмүн кыскартууда же этил спиртинин суралган көлөмүн көбөйтүүдө;

2. Алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгуу же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып кирүү Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында каралган тартипте ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарды сактоо менен уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү этил спирти жана/же алкоголдук продукция техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү алкоголдук продукциянын сапатын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-16)
