# 14-берене. Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатып өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 168 "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112645#diff=1272175..44999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3400/edition/1272175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112645/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 14-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-14

---

1. Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатып өткөрүүнү уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар жүзөгө ашырат. Жеке ишкерлер алкоголдук продукцияларды чекене сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырат. Алкоголдук продукцияларды сатып өткөрүү иштин лицензиялануучу түрү болуп саналат.

Алкоголдук продукцияны дүң сатып өткөрүүгө лицензиясы жок жеке жана/же юридикалык жактарга алкоголдук продукцияны дүң сатууга тыюу салынат. Фискалдык эске тутуусу жана кийин товарды жүгүртүүдөн кийин чыгаруу менен санариптик идентификациялоо каражаттарынын коддорун окуу менен контролдук-кассалык машинасыз алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашыруучу жеке жана/же юридикалык жактарга алкоголдук продукцияны дүң сатууга тыюу салынат.

2. Төмөнкүлөрдө алкоголдук продукцияларды, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди сатууга жол берилбейт:

1) балдардын, билим берүү уюмдарында жана аларга чектеш аймактарда, ошондой эле түздөн-түз медициналык мекемелердин аймактарында;

2) шаардык жана шаардын айланасындагы каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (жалпы пайдалануудагы транспортто);

3) маданий уюмдарда (аларда жайгашкан, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн уюмдарды же коомдук тамактануу пункттарын кошпогондо), дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук курулмаларда;

4) 18 жаш куракка толо элек адамдарга;

5) 18 жаш куракка толо элек адамдар тарабынан;

6) ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык коштомо документтерсиз, маркалоосуз же жасалма акциздик марка менен маркаланган;

7) массалык иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлерде, аскердик соода объекттерин кошпогондо, аскердик бөлүктөрдүн аймагында, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордо, автомашиналарда, күркөлөрдө, ларектордо, убактылуу конструкцияларда, ошондой эле бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алкоголдук продукцияны сатууга кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

4. Алкоголдук продукцияны сатууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын соода жана кампа жайлары болушу керек.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-15)
