# 11-берене. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна, бул жааттагы мыйзамдардын жана тийиштүү лицензияларда каралган шарттардын сакталышына мамлекеттик контроль

- Документ: [Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 168 "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3400/edition/1272175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112645/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 11-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-11

---

1. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна, бул жааттагы мыйзамдардын жана тийиштүү лицензияларда каралган шарттардын сакталышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат.

2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматты берүү менен чийки затты жана даяр продукцияны эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын орнотуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга жол берилбейт.

4. Этил спиртинин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукциянын коопсуздук талаптарын жана ылайык келишин баалоо жол-жоболорун камсыз кылуу Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112645/st-12)
