Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «»Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Конституциялык Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 2-августу № 153 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 19-берененин 1-бөлүгүндө "даражасы бар" деген сөздөр "даражасы болгон учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги 1-бөлүктө "даражасы бар" деген сөздөр "даражасы болгон учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жогорку юридикалык билими бар Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык бөлүмдөрүнүн, фракцияларынын, депутаттык топторунун катчылыктарынын, комитеттеринин бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын консультанттарынын, жардамчыларынын;"
3) мамлекеттик тилдеги 23-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "даражасы бар" деген сөздөр "даражасы болгон учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Сот органдары жана соттук өз алдынча башкаруу органдары үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
2023-жылдын 21-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138