# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 161 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 161 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3399/edition/1289196/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 161 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112643

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 4-августу № 161

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112643/st-1)

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Атмосфералык абанын сапатын контролдоо маселеси боюнча чарбакер субъекттерди жана ишкердиктин субъекттерин текшерүү алдын ала жазуу жүзүндөгү кабарламасыз жүзөгө ашырылат жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112643/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-августундагы № 63 (3512) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
