1-берене
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 547-беренеде:
а) 3-бөлүктө "областтык жана аларга теңештирилген сотторго" деген сөздөр "экинчи инстанциядагы сотторго" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жасагандыгы үчүн камакка алуу түрүндө жаза чарасы салынган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган соттун токтому апелляциялык тартипте экинчи инстанциядагы сотторго даттанылышы мүмкүн жана апелляциялык даттануу берилген учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбестен соттор тарабынан каралууга тийиш.";
2) 552-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "552-берене. Соттун түздөн-түз караштуулугундагы укук бузуулар боюнча кабыл алынган укук бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна апелляциялык тартиптеги даттанууну экинчи инстанциядагы сот тарабынан кароо";
б) 1-бөлүктө "Областтык жана ага теңештирилген сот" деген сөздөр "Экинчи инстанциядагы сот" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүктө "Областтык жана ага теңештирилген сот" деген сөздөр "Экинчи инстанциядагы сот" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112642/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>